540 миң казакстандык студент жасалма интеллект көндүмдөрүн өздөштүрдү

540 миң казакстандык студент жасалма интеллект көндүмдөрүн өздөштүрдү

540 миң казакстандык студент жасалма интеллект көндүмдөрүн өздөштүрдү. Алар өлкөдө ишке киргизилген AI-Sana программасынын алкагында Astana Hub, Google, Huawei, Coursera сыяктуу платформаларда нейрондук тармактарды башкаруунун базалык курсунан өттү. Тармактык министрлик билим берүү программасы эмгек рыногуна ылайыкташып, экономикага керектүү адистерди даярдоого багытталганын айтат. Ал айыл, суу чарбасы, энергетика адистиктери боюнча окуп жаткан студенттерге AI-ишкердик компетенцияларын өздөштүрүп, жасалма интеллектке тиешелүү билимдерин этап-этабы менен тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, эми ишкердик, программалоо, жасалма интеллект жана машиналык окутуунун негиздерин өздөштүрө турган 100 миң студентти тандоо пландаштырылууда.

Динара Щеглова, Илим жана жогорку билим берүү вице-министри:

- Программанын 60 миң бүтүрүүчүсү экинчи этапка өтөт, анын алкагында алар өз долбоорлорун иштеп чыгып, бизнеске багытталган көндүмдөрдү өнүктүрүшөт. Бул программанын жыйынтыгы боюнча, кийинки жылдын аягына чейин биздин студенттер Alem.ai-да программа акселерациясы жана алдын ала акселерациясы этабынан өтүүсү үчүн 1,5 миң долбоор жана идея жаратат деп болжолдонууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков