Быйыл Казакстанда билим берүү системасына жасалма
интеллектти жапырт киргизүү башталат. Ушул максатта Qazaq Digital Mektebi
долбоору жана жасалма интеллект менен камтылган Улуттук билим берүү платформасы
ишке киргизилет. Алар мектеп окуучулары менен мугалимдерге арналган. Президент
Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасына ылайык, Окуу-агартуу министрлиги жасалма
интеллект киргизүү боюнча чаралар комплексин жүзөгө ашырууда. Министрлик
кабарлагандай, мугалимдер менен окуучулардын санариптик баракчалары иштелип чыгып,
улуттук система жасалат. Буга жетишүү үчүн улуттук билим берүү базасы жаңыртылып,
ал бардык LMS, тагыраак айтканда электрондук күндөлүктөр менен журналдардын бирдиктүү
маалыматтар кампасына айланат. Бул бардык маалыматты QazTech мамлекеттик
булуттуу платформада топтоштурууга мүмкүндүк берет. AI-агенттерди колдонушка
киргизүү, санариптик көмөкчүлөр педагогикалык кеңештерге даярдык менен
документти текшерүүгө кол кабыш кыла алат. Мындан бөлүк, кийинки окуу жылынан
баштап пилоттук режимде аймактарда «Qazaq Digital Mektebi» долбоору башталат.
Ал окуучуларга билимди интерактивдүү ыкма менен өздөштүрүүгө көмөктөшө турган
AI-репититор колдоно турган чакан мектептерге арналган. Биринчи жарым жылдыкта
министрликтин жумуш тобу билим берүүдө нейрожелелерди пайдаланууну
мыйзамдаштыруу үчүн тиешелүү сунуш иштеп чыгат.
Асылбек
Ахметжанов, Окуу-Агартуу вице-министри:
- 2026-жылга чейин 200 миңден ашык педагог жасалма
интеллект боюнча практикалык көндүмдөрдү өздөштүрөт. Ошондой эле, окуучулардын
арасында жасалма интеллект сабаттуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулат. Ошентип
Өкмөт жасалма интеллект агенттеринин жардамы менен педагогдордун жүгүн
азайтууга, ошондой эле жарандарыбыз үчүн мамлекеттик кызматтарды алууну
жеңилдетүүгө мүмкүндүк бере турган санариптик негизди калыптандырат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

