Казакстанда 2025-жылы стартаптарды коммерциялаштырууга көмөктөшүү программасы ишке кирет. Бул өлкөдө уникалдуу өнүмдөрдү жана инновациялык технологияларды өнүктүрүүгө жаңы дем берет. Алсак, өткөн жылы бул багытта республиканын аймагында болуп көрбөгөндөй селен өндүрүшү жолго коюлду. Жаңы технология сапаты 99 жарым пайыздан ашкан жогорку тазалыктагы өнүмдөрдү алууга мүмкүндүк берет. Алдыда кубаттуулугун кеңейтүү жана курамында селени бар материалдарды кайра иштетүүнүн жаңы методдорун киргизүү мерчемделүүдө. Жалпысынан бүгүнкү күндө илимий-техникалык долбоорлорду өндүрүшкө айландыруу боюнча бир катар сынактар өткөрүлдү. Натыйжада коммерциялаштырылган изилдөө өнүмдөрүнүн экспорту 570 миллион теңгеден ашты. Ошондой эле, "жаш илимпоз" долбоору улантылат. Анын алкагында 2025-2027-жылдарга сынак жарыяланды. Белгилей кетсек, 2021-жылы башталган программанын алкагында эки миңден ашык илимий долбоорлор ишке ашырылган. Үчүнчүсү инженердик билимди жана технологияны академиялык изилдөөнү өнүктүрүүгө багытталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

