Чет элдик инвесторлордун Казакстанга болгон кызыгуусу артууда

Чет элдик инвесторлордун Казакстанга болгон кызыгуусу артууда

Казакстан эл аралык инвесторлордун көңүлүн барган сайын көбүрөөк бурууда. Биздин өлкө, жалпысынан Борбор Азия региону сыяктуу эле, чоң инвестициялык потенциалга ээ. Бул Азия менен Европанын ортосундагы ыңгайлуу географиялык абалы менен байланыштуу. Silk Way телеканалына берген эксклюзивдүү маегинде Европа инвестициялык банкынын башкы директору Эндрю Макдауэлл чет элдик бизнестин биздин өлкөгө болгон кызыгуусунун өсүп жатканын айтты. Мындан тышкары, ал критикалык маанилүү чийки заттар тармагындагы долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүгүн талкуулады жана европалык финансы институтунун Казакстан менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө багытталганын белгиледи.


¤

Эндрю Макдауэлл, Европа Инвестициялык Банкынын башкы мүдүрү:


- Биз Казакстандын Өнүгүү банкы үчүн туруктуу транспорттук долбоорлорду каржылоо үчүн 200 миллион евро өлчөмүндөгү насыяга макулдугубузду бердик. Каражат Европа Биримдиги менен Казакстандын ортосундагы сооданы өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү Транскаспий коридоруна байланышкан 5 000 чакырым жолду калыбына келтирүүгө жумшалат. Энергетика тармагында биз кайра жаралуучу энергия булактары боюнча долбоорлорду колдойбуз. Борбордук Азия 21-кылымда соода жана инвестиция кандай өнүгөрүн аныктоодо негизги позицияны ээлейт. Сиздер Азия менен Европанын ортосундагы күчөгөн сооданын чордонунда турасыздар. Мындан тышкары, силерде бай жаратылыш ресурстары бар, бул дагы өсүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Казакстандын бул ресурстарды туруктуу пайдалануу стратегиясы бар, бул Европа жана дүйнөнүн башка бөлүктөрү менен сооданы жана инвестицияны өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Биз чоң потенциалды көрүп турабыз жана аймактагы катышуубузду жана көрүнүктүүлүгүбүздү кеңейтүүгө даярбыз.


Которгон: Сезим Шейшеналиева