Казакстан менен Чехия кызматташтыкты кеңейтүүдө

Казакстан менен Чехия кызматташтыкты кеңейтүүдө

Казакстан менен Чехия соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар. Алгачкы орунда унаа жасоо, транспорт жана IT тармактары турат. Бул тууралуу эки өлкөнүн премьер-министрлери Астанада болгон жолугушууда айтышты. Олжас Бектенов менен Андрей Бабиш энергетикалык өнөктөштүккө өзгөчө көңүл бурду. Атап айтканда, алар атом энергетикасында өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн белгилешти. Ошондой эле тараптар транспорттук байланышты өнүктүрүү келечектерине токтолушту. Алар өлкөнүн географиялык жайгашуусу жана Казакстандын өнүгүп келе жаткан транспорттук инфраструктурасы чех бизнеси үчүн Борбор Азиянын базарларына чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн түзөрүн белгилешти. Санариптештирүү жаатында тараптар GovTech жана жасалма интеллекти өнүктүрүү сыяктуу багыттар боюнча биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга умутулашат. Буга байланыштуу тараптар АЭКБнын инвестицияларды тартуу жана эл аралык бизнести колдоо аянтчасы катары ролун белгилешти. Эки өлкөнүн өкмөт башчылары ишкер байланыштарды бекемдөөгө даяр экендигин ырасташты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков