Астанада XXI эл аралык Жаутыков олимпиадасы өтүүдө. Беш күнгө созула
турган сынакта математика, физика жана информатика сабактарынан мыкты окуучулар
аныкталат. Бул мелдеште мыкты болуу үчүн катышуучулар эки турдан мүдүрүлбөй
өтүшү керек. Олимпиаданын тапшырмаларын эл аралык калыстар тобу түздү. Аларды
чечүү үчүн Казакстандын борборунда 15 өлкөдөн 700гө жакын мектеп окуучулары
чогулду. Жалпысынан өлкөгө Борбор Азиянын жана КМШнын, Түркиянын, Грузиянын,
Болгариянын, Румыниянын, Сербиянын жана Монголиянын мектептеринин мыкты
окуучулары келишти. Командалар улуттук олимпиадалардын жыйынтыгы боюнча
тандалып алынды. Уюштуруучулардын айтымында, мелдеш жаштар арасында
физика-математика илимдерин жайылтууга, эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө
жана билим берүү мекемелеринин ортосунда тажрыйба жана чеберчилик алмашууга
өбөлгө түзөт.
Самал
Куанбай, окуучу:
-
Бул менин эл аралык олимпиадага катышып жаткан алгачкы учурум. Бул мелдеште
олимпиаданын деңгээли өтө жогору экендигин байкадым. Мелдеште биз мектебибизди,
облусубузду гана эмес, бүтүндөй Казакстанды аброюн коргойбуз. Ошондуктан
атаандаштык жогору.
Ильяс Казымбек, окуучу:
-
Бул менин ушуну менен үчүнчү олимпиадага катышуум. Алгач байгесиз калгам. Өткөн
жылы күмүш медалга ээ болгом. Быйыл бул көрсөткүч жогору болот деп ишенем.
Жалпысынан тапшырмалар кызыктуу болду. Алардын татаалдыгы жөнүндө азырынча эч
нерсе айта албайм. Анткени бул жарыштын чечими чыга элек. Менин жоопторум туура
болду деп үмүттөнөм.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

