Казакстанда жазгы айдап-себүү иштери ийгиликтүү жыйынтыкталды. Өкмөттө белгилешкендей, өлкөнүн бардык аймактарында жазгы талаа иштери белгиленген мөөнөттө өттү. Быйыл жалпы айдоо аянты 24 миллион гектарды түздү, бул 2025-жылга караганда 180 миң гектардан ашык. Президенттин тапшырмасы боюнча жогорку кирешелүү жана стратегиялык маанилүү өсүмдүктөргө өзгөчө көңүл бурулду. Өлкөдө дан, май жана тоют өсүмдүктөрүнүн аянттары көбөйдү. Салттуу түрдө негизги дан эгилүүчү аймактар Акмола, Түндүк Казакстан жана Костанай облустары бойдон калууда. Иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүнүн негизги факторлорунун бири дыйкандарга мамлекеттик колдоо болду. Дыйкандарды материалдык-техникалык ресурстар менен камсыздоого өзгөчө көңүл бурулду. Жаңы механизм болуп жазгы айдоо иштерин эрте каржылоо да болду. Буга байланыштуу дыйкандар үрөн, жер семирткич, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын жана техниканы алдын ала арзаныраак баада сатып ала алышты. Мындан тышкары, өлкөдө сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү, ошондой эле айыл чарба техникаларын жаңыртуу улантылууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

