Астанада Молдова элчилиги ачылды

Астанада Молдова элчилиги ачылды

Астанада Молдованын элчилиги ишин баштады. Ачылыш аземине премьер-министрлердин орун басарлары – Казакстан менен Молдованын тышкы иштер министрлери катышты. Мурат Нуртлеу менен Михай Попшой сүйлөшүү учурунда эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты. Тараптар соода-экономикалык кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөн жылы мамлекеттер ортосундагы товар жүгүртүү 75%га өсүп, 66 миллион долларды түздү. Жалпысынан, тышкы саясий ведомстволордун башчылары достукка жана өз ара пайдалуу колдоого негизделген эки тараптуу өнөктөштүктү тереңдетүүнү, айыл чарба, транспорт, өнөр жай, санариптештирүү, маданий жана гуманитардык тармактардагы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу боюнча биргелешип иштөөнү көздөшүүдө. Ишкердик кызматташтыкты активдештирүүнүн алкагында Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын жана казак-молдовалык ишкердик кеңешинин биринчи жыйынын өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди. 

Мурат Нуртлеу, Премьер-министринин орун басары, Тышкы иштер министри: 

- Казакстан Молдованы Чыгыш Европадагы ишенимдүү өнөктөш катары көрөт. Кызматташтыкты биргелешип өнүктүрүүгө кызыкдар. Биздин президенттердин ортосунда туруктуу жана конструктивдүү саясий диалог түзүлгөн. Буга байланыштуу биз Кишинев менен өз ара пайдалуу жана узак мөөнөттүү кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого кызыкдарбыз. 

Михай Попшой, Молдованын Премьер-министринин орун басары, Тышкы иштер министри: 

- Казакстандын Кишиневдо 2020-жылы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн ачылышы, Астанадагы элчиликтин азыркы расмий сапардын жүрүшүндө ачылышы биздин мамлекеттердин ортосундагы бекем мамилелерди институционалдаштырууда маанилүү этап болуп саналат. Биз эки өлкөнүн жарандарынын жыргалчылыгы үчүн бекем, келечектүү эки тараптуу мамилелерди чыңдоого үмүттөнүп, узак мөөнөттүү келечекте байланыштарыбызды бекемдөөгө умтулабыз. 

Которгон: Назира Бегалиева