Казакстандык илимий журнал дүйнөлүк ELSEVIER платформасында жарыялана баштады

Казакстандык илимий журнал дүйнөлүк ELSEVIER платформасында жарыялана баштады

Казакстандын илимий журналы Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп дүйнөдөгү эң ири басма үйлөрдүн бири болгон Elsevier платформасында жарык көрдү. Ата мекендик мезгилдүү басылманы өзүнүн маалымат базасына жана электрондук версиясына киргизүү үчүн компания өзү кайрылган. Бул Казакстанда жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөрдүн деңгээли эл аралык деңгээлде таанылып, жогору бааланып жатканын серепчилер айтышат. Белгилей кетсек, англис тилинде жарык көргөн казак журналында ата мекендик окумуштуулардын өзөктүк физика, альтернативдик жана суутек энергиясы, физика жана жогорку энергия темалары боюнча илимий эмгектери басылат. Мындан тышкары, ар бир макала “Scopus” эл аралык маалымат базасына киргизилет. 

Кайрат  Күтербеков, журналдын башкы редактору, ЕУУ «Евразиялык физика-энергетикалык изилдөөлөр жана жогорку технологиялар институту» илимий-изилдөө институтунун мүдүрү:

– Эмне үчүн Elsevier бизди тандады? Анткени Казакстанда математика, физикага байланыштуу журналдар көп чыгат. Биздин математика журналы жогорку орундарга ээ. Биздин редакцияга тажрыйбалуу адистер гана чогулган. Баары дүйнөгө белгилүү окумуштуулар. Биз менен дүйнөнүн көп өлкөлөрүнүн окумуштуулары тыгыз иштешет. Elsevier бетинде жарыялоо Казакстан журналдарына гана пайда алып келбестен, бүткүл ата мекендик илимий коомчулуктун деңгээлин жогорулатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков