10 күн толук обочолонуу. Астанада аялдардан турган
космостук экипажды даярдоо боюнча Казакстандагы биринчи уникалдуу «SANA-1»
илимий эксперименти аяктады. Катышуучулар узак космостук учуунун шарттарын
моделдөө үчүн атайын иштелип чыккан кеме модулунун имитаторуна жайгаштырылды.
Гермокапсуланын ичинде баары орбиталык станциядагыдай - суу менен камсыздоонун
автономдуу системасы, климатты көзөмөлдөө жана өсүмдүктөрү бар кичинекей бөлүм.
Командалык пунктта - инженер жана изилдөөчү кыздардын жумуш орундары, башкаруу
симуляторлору, ошондой эле учуу сценарийин иштеп чыгуу системалары бар.
Дарья Комарова, Эксперимент катышуучусу:
- Коркунуч болгон жок, тааныш эмес мейкиндик жана тааныш
эмес адамдар бар эле, бирок 2-3 күндөн кийин бул нерселердин баары басылды.
Жумуш гана калды. Мотивация жана биздин коюлган тапшырмаларды аткаруу. Биз эске
тутуу, ылдамдык, көңүл буруу боюнча ар кандай тесттерден өттүк жана ошондой эле
мээнин активдүүлүгүн каттап турдук.
Экипаж медициналык жана психологиялык тесттердин
комплексин өттү. Кыздарга жүрүм-турумдук эксперименттер жүргүзүлүп, капсуланын
инженердик системалары бааланды. Изоляция жана бир түрдүүлүк шартында стресске
туруктуулукка, эмоционалдык жөнгө салууга жана когнитивдик ийкемдүүлүккө өзгөчө
көңүл бурулду. Мисалы, алдын ала талдоого ылайык, эксперименттин башында
кыздарда активдүүлүктүн жана энтузиазмдын деңгээли жогору болгон, бирок бир
нече күндөн кийин алар тынчсыздануу жана апатияны сезишкен, муну баарлашуу
сактап калды.
Алина Гуторева, Эксперименттин илимий жетекчиси:
- 10 күн – бул аз убакыт. Эгерде башка ушундай
эксперименттер менен салыштырсак, анын ичинде «Марс-500» же «Сириус», бирок бул
жерде да биз изоляцияга көнүүнүн бүткүл аралыгын көрдүк. Толук талдоо кийинки
жумаларда жүргүзүлөт.
Эксперименттин жыйынтыктары космонавттарды, анын ичинде аялдарды даярдоо боюнча улуттук программанын, ошондой эле стресске туруктуулукту машыктыруу методикаларын түзүүнүн жана планеталар аралык узак миссиялар үчүн капсулаларды долбоорлоонун негизи болуп калат. Мындан тышкары, дал ушундай долбоорлор менен ата мекендик космонавтиканын жаңы доору башталат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

