Астана эл аралык форуму төрт негизги глобалдык маселени чечүүгө арналган

Астана эл аралык форуму төрт негизги глобалдык маселени чечүүгө арналган

Алардын арасында тышкы саясат, коопсуздук, туруктуулук, энергетика жана климат, ошондой эле экономика жана каржы маселелери бар. Бир нече күндөн кийин өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги бүткүл дүйнөнүн көңүлүн бура турган иш-чаранын максатын түшүндүрдү.

Айбек Смадияров, Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү:

- Форумдун программасына негизги баяндамалар, панелдик сессиялар жана дебаттар кирет. Форум өкмөттөрдүн, эл аралык уюмдардын, бизнестин, академиянын жогорку деңгээлдеги делегаттары үчүн дүйнөдөгү актуалдуу жана глобалдык маселелерди талкуулоо менен чечүү жолдорун табуу үчүн аянтча түзөт.

Эске сала кетсек, кулжа айынын 8-9у күндөрү борбор калаада жогорку деңгээлдеги жыйын өтөт. Форумдун сыйлуу конокторунун арасында Катардын Эмири, Кыргызстандын Президенти, Босния жана Герцеговинанын Президиумунун Төрагасы, ЕККУнун Башкы катчысы жана башкалар бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков