Калемпирдин жаңы түрү өстүрүлүүдө

Калемпирдин жаңы түрү өстүрүлүүдө

Анткени облуста жаз эрте келип, бирдин айында түштүк аймактардын дыйкандары эгин айдап башташат. Дыйкандар үчтүн айынын ортосу болгонуна карабастан эгин талааларын айдап, арыктарды даярдап коюшкан. Быйылкы өнүмдүн катарында жаңы үрөндүк жашылчалар да бар.

Келестик ишкер Нуржан Умаров биринчи жолу көчөт түрүндөгү жарым ачуу жана таттуу калемпирдин гибрид түрүн өндүрүп, андан өнүм алугаа киришти. Жаңы сорт «Келес» деп аталды. Анын айтымында, бул өсүмдүктүн биздин аймактын климатына ыңгайлашуусу текшерилип, тажрыйбадан өткөрүлгөн.

Нуржан Умаров, ишкер:

- Өлкөгө сатуудан мурун текшерип алабыз. Биздин өзүбүздүн станциябыз бар. Бадыраң, помидор, анан барып элге сунуштайбыз. Жалпы күнөсканабыздын аянты 8 гектарды түзөт. Анын 2 гектарына көчөт даярдайбыз.

Ишкер ачуу жана таттуу калемпирден тышкары башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн да өндүрүү менен алектенип, 40 адамды иш менен камсыз кылууда. Быйыл 5 миллиондон ашык даана көчөтүн сатыкка чыгарды. Жалпысынан Келес району боюнча өткөн жылы бардыгы болуп 338 мин тонна өнүм алынса, быйыл аны көбөйтүү көздөлүп жатат.

Мадияр Күмисбек уулу, Келес району ишкердик жана айыл чарбачылыгы бөлүмүнүн башчысы:

- Жазгы талаа жумуштарына даярдыгыбыз жакшы. Биздин дыйкандар азыртан даярданууда. Кошумчалай кетсек, быйылкы планыбыз боюнча учурда 26 миң гектардан ашык жер эгин эгүүгө даярдалып жатат. Ошол эле учурда жазгы талаа иштеринде насыя берүү иштери да жигердүү жүрүүдө. Кечээтен бери каржылоо иштери башталды.

Белгилей кетсек, быйыл Түркестан облусунда 860 миң гектар жерге айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү пландалууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков