Петропавлда трансформатор заводу ачылат

Петропавлда трансформатор заводу ачылат

Петропавлда жылына 12 миң даана трансформатор чыгаруучу жаңы завод пайда болот. Бүгүнкү күндө ири электр заводунун курулушу аяктоо алдында турат.

Белгилей кетсек, ата мекендик шаймандардын 95% чет өлкөгө жеткирилет деп мерчемделген. Маалыматка ылайык, учурда трансформатор заводдору Шымкент, Кентау жана Уралда иштеп жатат. Адистердин айтымында, Петропавлдагы мындай ишкана ички рынокту сапаттуу өнүм менен камсыз кылат жана Түндүк Казакстан облусунун экспорттук дараметинин өсүшүнө оң таасирин тийгизет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков