Маңгыстауда «Жүн акварели» техникасы менен картиналар жасалат

Маңгыстауда «Жүн акварели» техникасы менен картиналар жасалат

Койдун жүнүнөн жасалган көркөм чыгарма. Мангыстау облусунун айылдарынын биринде жүндөн сүрөт салган ийрим бар. Бул жерде мугалим Чынар Ралиева «жүн акварели» техникасы менен сүрөт тартуунун ыкмаларын үйрөтөт. Чебер кол өнөрчүлүктүн кылымдар бою өзгөрбөй келген байыркы салттарын кайра жандандырууда.

Жаңылсын Айберген кызы, окуучу:

- Мен азыр кесекап жасап жатам. Иштин бүтүшүнө өтө аз калды. Аны ата-бабаларыбыз көчүп-конгондо колдонушкан. Бул капкак идиштер сынып калбашы үчүн атайын чыныга арналган. 2-3 күндө бүтүрөм деп ойлойм. Андан кийин буюмдарды колго алууга ниеттенип жатам.

Чебердин айтымында, учурда ийримге 15 окуучу кыз барат. Өспүрүмдөр буга чейин сүрөт искусствосунун бир нече жанрында 25тен ашык живописти жаратышкан. Бирок бир полотно жасалышы үчүн көп убакыт талап кылынат. Анткени миңдеген түрдүү-түстүү жиптер бири-бирине кабат-кабат болуп жайгашат. Мунун аркасында үч өлчөмдүү эффекттер жана көлөкөлөр пайда болот. Мындай боёктор менен жасалган кездемеге жетүү оңой эмес.

Шынар Ралиева, технология мугалими:

- Койдун жүнүнөн жаңы нерсе жаратууга эмнеге болбосун деген суроо койдум. Соңунда «жүн акварелине» токтолдум. Мындай өзгөчө техника азыр унутта калды. Аны биздин аймакта эч ким колдонбойт. Окуучуларыма «Жүн акварели» жагат. Алар натюрмортторду, гүл пейзаждарын жаратышат. Чыгармалардагы эң популярдуу жанр - деңиз жанры, анткени биздин аймак Каспийдин жээгинде жайгашкан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков