Максаты – өлкөдө чуркоо маданиятын жайылтуу, сергек жашоо образын калыптандырууга салым кошуу. Массалык чуркоо иш-чарасы “Актабан шубырынды, Алкакөл сулама” тарыхый окуясынын 300 жылдыгына жана Көмекей олуя Букар жырау Калкаман уулунун 355 жылдыгына карата уюштурулду. Марафончулар Караганды, Улытау, Кызылорда жана Түркестан облустарындагы түрдүү калктуу конуштарды, тарыхый жерлерди кыдырып, кызыктуу фактылар менен бөлүшүшөт. Ошондуктан бул окуяны агартуу кербени деп аташууда.
Нурлан Дулатбеков, Университет ректору:
- Бул жерде биздин мугалимдер гана чуркап тим болбостон, буга кошумча республиканын айылдарынан окуучулар менен таанышып, аларга кесиптик программа менен бирге патриоттук тарбия берип, тарых сабагынын мугалимдери, юристтер кеп-кеңештерин айтып, бир нече комплексттик багытта иш алып барууга бара жатышат.
Куанышбек Аданов, Е.А. Бөкетов атындагы Караганды университетинин дене тарбия жана спорт факультетинин деканы:
- Окуучулар жана мугалимдер атайын окуудан өтүштү. Алгач кыска аралыкта машыгып жаттык. Андан кийин 60 чакырымды басып өтө баштадык. Каркаралыдан Жезказганга чейин чуркай турган болдук. Катышуучулар техникалык коопсуздуктан жана толук медициналык кароодон өтүштү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков