Казакстандыктар документтердин мөөнөтү аяктагандыгы тууралуу смс-маалымдама алат

Казакстандыктар документтердин мөөнөтү аяктагандыгы тууралуу смс-маалымдама алат

Казакстандыктарга документтердин мөөнөтү бүтөөрү тууралуу алдын ала СМС аркылуу кабарланат. ID картаңыздын, айдоочулук күбөлүгүңүздүн же паспортуңуздун мөөнөтү аяктагандыгы тууралуу 30 күн мурун эскертме жиберилет. Административдик укук бузуулардын санын кыскартууга багытталган жаңычылдык чын куран айынын 1нен тарта киргизилди.

Казакстандын Ички иштер министрлиги учурдагы эрежеге ылайык, эгерде документтин жарактуу мөөнөтү бир айга жетпей кечиктирилсе, анын ээси эскертүү менен гана чектеле турганын билдирүүдө. Эгерде мыйзам бузуучулук бир айдан ашса, 7 айлык эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салынат. Бул 20 миң теңгеден бир аз ашат.

SMS-билдирүү алууну каалаган казакстандыктар eGov.kz порталындагы жеке кабинетте уюлдук телефон номерин көрсөтүүгө тийиш.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков