Казакстанда 2029-жылы 160 миң студент дуалдык билим менен камтылат

Казакстанда 2029-жылы 160 миң студент дуалдык билим менен камтылат

2029-жылы Казакстандын колледждеринде 160 миң студент дуалдык билим менен камтылат. Бул азыркы көрсөткүчтөн эки эсе көп. Жалпысынан акыркы эки жылда 40 миңден ашуун бүтүрүүчү аталган системада билимин өркүндөттү. Алар бир жарым жылга чейинки иш тажрыйбасы менен эмгек рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк алышты. Жалпысынан 2025-жылга чейин өлкөнүн жаштарын  талап кылынган кесиптер менен 100% камсыздоо пландалууда. Бул жатта мамлекеттик буйрутмалардын басымдуу бөлүгү техникалык кесиптерге багытталат. Бул тууралуу Окуу-агартуу министри Гани Бейсембаев билдирди.

 Гани Бейсембаев, Окуу-агартуу министри:
- Ишке орноштурууга милдеттенме алуу менен ишканалардын буйрутмасы боюнча кадрларды даярдоо ишке ашырыла баштады. Азыр бул багытта 20 миң студент билим алууда. 2029-жылы бул көрсөткүчтү 80 миңге жеткирүү мерчемделген.


Которгон: Илгиз Жамалбеков