Мамлекет башчысынын жарлыгы менен Руслан Желдибай Казакстандын президентинин басма сөз катчысы болуп дайындалды. Буга чейин ал премьер-министрдин аппарат жетекчисинин орун басары, президенттик аппараттын ички саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Маалымат жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. Т. Рыскулов атындагы Казак экономикалык университетин, Уорик университетин бүтүргөн. Эмгек жолун 2012-жылы «Казакстан» телеканалында редактор болуп иштөө менен баштаган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков