Бул үчүн республикада президенттин алдында илим жана технологиялар боюнча улуттук кеңеш түзүлөт. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы кол койду. Кеңештин курамына эл аралык деңгээлде таанылган, илимий изилдөөлөрдө жогорку жигердүү, илимдин артыкчылыктуу багыттарында иштеген академиктер жана окумуштуулар, Беркли космологиялык физика борборунун физика жана астрофизика профессору, Нобель сыйлыгынын лауреаты Джордж Фицджеральд Смут III, ошондой эле дүйнөнүн алдыңкы илимий борборлорунда илим-изилдөө иштери менен алектенген бир катар казакстандыктар кирди. Улуттук кеңешке ата мекендик жана чет элдик алдыңкы окумуштуулардын мүчө болушу - Казакстандын илимин өнүктүрүүдө келечектүү жана стратегиялык маанилүү чечимдерди кабыл алууга оң салым кошот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков