Бээжинде өтүп жаткан 24-кышкы Олимпиада оюндарында казакстандык фристайл спортчулар жарышка чыкты. Аялдар арасында биринчи тандоо турунда Аяулым Амренова, Олеся Граур жана Анастасия Городко күч сынашты. Ал эми тажрыйбалуу спортчу Юлия Галышева бирдин айынын 5де өтө турган экинчи квалификациялык турда өз чеберчилигин көрсөтөт. Ошентип, биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча Олеся Граур 23, Аяулым Амренова 16-орунга ээ болду. Эркектер арасында жарышка чыккан Павел Колмаков менен Дмитрий Рейхерд да алдыңкы ондукка кире алган жок. Эркектер командасынын экинчи тандоо туру бирдин айынын 6да өтөт.
Аяулым Амренова, Казакстан курамасы /фристайлчы/:
- Баары жакшы. Мага баары жакты. Трасса мен үчүн оор, бирок жакшы болду десем болот.
Олеся Граур, Казакстан курамасы /фристайлчы/:
- Жарыш жолу жакшы жана жылмакай. Кыйын болгон жагы – дүйнө кубогуна караганда узунураак болду. Жалпысынан алганда, баары жакшы өттү.
Быйылкы Олимпиадада 4000дей спортчу 109 медаль үчүн ат салышат. Айта кетсек, бүгүн төрт жылдык оюндардын ачылыш аземи болот. Расмий аземге Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев катышат. Салтанат саат 18:00дө «Хабар» жана «Elarna» телеканалдары аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков