Премьер-министрдин орун басары, соода жана интеграция министри Серик Жумангарин гуманитардык жана соода миссиясы менен Кабулга барды. Сапардын алкагында өлкөнүн делегациясы ооган кесиптештери менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, анда Казакстан эки тараптуу соода-экономикалык жана энергетикалык мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилешти. Ошондой эле, биргелешкен бизнес форумдун жүрүшүндө тараптар Ооганстанга республикадан 4 миллион долларга ун жеткирүү боюнча макулдашышты.
Серик Жумангарин, Премьер-Министрдин орун басары, соода жана интеграция министри:
- Азыркы учурда соода алакабыз абдан жакшы жана 1 миллиард долларга жетти. Алардын көбү Казакстандын экспорту. Курамында ун, буудай, күн карама майы, металл бар. Албетте, учурда биздин негизги максатыбыз көбөйтүү. Ооганстан менен бирге бизде кеминде 3 миллиардга жетүү мүмкүнчүлүгү бар. Бүгүн мени менен ишкерлер гана келишти. Казакстандын 18 ишкердик уюмдары ун, трансформатор жана башка товарларды чыгарат. Азыр бул жерде Казакстандын соода үйүн ачабыз.
Ооганстанга Казакстандын соода үйу ачылат
Мындан тышкары Казакстан Ооганстанда соода үйүн ачат. Анын башкы кеңсеси Герат щаарында жайгашаары күтүлүүдө. Соода үйүнүн негизги милдеттери эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди колдоо жана жандандыруу, товар жүгүртүүнү жогорулатуу, аймактык соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле Казакстандын экономикасына инвестиция тартуу болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков