Жамбылдагы жарылуу учурунда талкаланган объектилер жакынкы 2 айда толугу менен калыбына келтирилет. Бул ишке 12 подрядчы компания тартылган. Чыгымдарды эсептөө үчүн атайын комиссия түзүлдү. Өзгөчө кырдаал сейсмикалык көзөмөл лабораториясы тарабынан объектинин ээлерине техникалык корутунду берилди. Алардын жалпы саны 120га жакын. Тактап айтканда, 106 үй жана 12 ишкердик имараты катуу жабыркаган. Ошондой эле, Жибек Жолу айылындагы бир мектеп кыйраган. Айта кетсек, алдыдагы убакытта өзгөчө кырдаалдарга карата жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнөт.
Кайрат Ысмаил, Байзак району акиминин орун басары:
- Эң жакын жарылууга Кайнар айылы туш болгон, ал аскер бөлүгүнөн 420 метр алыстыкта жайгашкан. Анда 19 үй олуттуу зыянга учураган. Учурда курулуш иштери башталды. Үй-жайсыз калган тургундарга облус акиминин тапшырмасы менен аскердик чатыр тигилип, дүйнө-мүлкү сактала турган шарт түзүлдү. Азыркы учурда бардык курулуш компаниялары интенсивдүү иштерге киришти. Белгилүү болгондой 2 айдын ичинде, белгиленген мөөнөттө аяктайбыз деп жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков