Заманбап зергерчиликте улуттук оймо-чиймелер. Карагандылык Георгий Мариниченко этникалык стилде уникалдуу зер буюмдарды жасайт. Чебердин негизги кесиби — куруучу. Адегенде авиациядан башталган зергерчилик анын өмүрлүк жумушуна айланган десек да болот. Анын зергерчилик менен алектенгенине 13 жыл болду. Зергердин колунан жасалган буюмдарда казак элинин салт-санаасын, улуттук фольклордук үлгүлөрүн көрүүгө болот.
Георгий Мариниченко, зергер:
- Улуттук стилдеги зер буюмдарды жасоону мындан үч жыл мурун колго алдым. Сөйкө, шакек жасадым. Эмгектеримде казак элинин турмушун, салт-санаасын көрсөтүүгө аракет кылам. Казак эли мен үчүн өз тууганымдай. Мен ушул жерде туулуп-өскөм, ошондуктан Улуу Талаанын рухун, салт-санаасын тереңирээк түшүнгүм келет.
Идеядан баштап аны ишке ашырууга чейин Георгий бир ай убакыт жумшайт. Ал өз ишинде табигый жана жергиликтүү материалдарды гана колдонот. Бул үчүн ал өлкөнү кыдыргандан тажабайт.
Георгий Мариниченко, зергер:
- Мисалы, мен кара жыгачты колдоном. Анткени бул казак элинин тарыхында ыйык саналган асыл дарак. Ал эми кара жыгач Казакстанда гана өсөт. Материал катары уйдун сөөктөрүн да колдоном. Казак элинин улуттук кол өнөрчүлүгүндө сөөк, мүйүз, жыгач, таш, металл, булгаары кеңири колдонулат. Атүгүл ташты да жергиликтүү жерден издейм.
Зергердин уникалдуу эмгектерин казакстандыктардан сырткары чет өлкөдөн издеп, сурагандар көп. АКШ, Франция, Түштүк Африка жана Улуу Британиянын сулуулары Георгий Мариниченконун колунан жасалган зер буюмдарды тагынышат. Келечекте зергер Улуу Талаа көчмөндөрүнүн байыркы маданиятын чагылдырган жаңы буюмдарды жасоону мерчемдеп жүрөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков