Жалпы эрдик, жалпы тарых

Жалпы эрдик, жалпы тарых

Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиш-бул жалпы эрдик, жалпы тарых. Муну мурунку муундагылар менен азыркы муун жакшы билишет. Астанада баатыр ата-бабалардын эрдиктерине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Беларусь, Орусиянын аскер кызматкерлери жана серепчилери согуш тарыхын толуктоодо биригишет. Согуш талаасында миллиондогон жаран каза болду. Алардын арасында бардык улуттардын өкүлдөрү болгон. «Баары фронт үчүн, баары жеңиш үчүн» деген ураан менен тыл эмгекчилеринин салымы ченемсиз. Согуш талаасында атылган 10 октун 9у Казакстанда жасалган.

Бегим-Мурат Илиясов, Полковник, техникалык илимдердин кандидаты, профессор:

- Советтер Союзунун Баатыры Наги Ильясовдун небереси болом. Чоң атам согушка 1942-жылы 20 жашында барган. 25 жашында Советтер Союзунун Баатыры наамын алган. Бул азыркы жаштарга үлгү. Мен согуштан өткөн жолдор жана андан кийин жасаган иш-аракеттери, fйыл чарба тармагын кантип көтөргөндүгү жөнүндө сабак боло турган доклад даярдадым.

Аскар Мустабеков, Улуттук коргоо университетинин башчысы:

- Согуш жылдарында 497 казакстандык Советтер Союзунун Баатыры болушкан деп айтылат. Бирок акыркы изилдөөлөр көрсөткөндөй, мындай жогорку наамга ээ болгон мекендештерибиздин саны 500дөн ашат. Биздин мындан аркы изилдөөлөрүбүз ошол жылдары баатыр деп табылган башка белгисиз мекендештерди аныктайт деп ишенем. Мекен үчүн от кечкен ата-бабаларыбыздын эрдиги көз жаздымда калбашы керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков