Казак окумуштууларынын эмгеги жогору бааланды. Эл аралык термоядролук реакторду куруу боюнча изилдөө тобу Казакстандын Улуттук өзөктүк борборунун адистеринин эмгегин мыкты иштердин бири - деп атады. Белгилей кетсек, мындан 10 жыл мурун Франциянын түштүгүндө таза энергия алуу максатында реактордун курулушу башталган. Бул илимий долбоорго Казакстан 2017-жылы кошулган. Биздин окумуштуулар биригүү шарттарында материалдардын бекемдигин сынап көрүшөт. Иштин натыйжалары дуйнөдөгү эң ири термоядролук камераны курууга жумшалат. Пандемияга байланыштуу ITERдин ишке киргизүү күнү кийинкиге жылдырылды. Учурдагы план боюнча объект 2027-жылга чейин бүтүшү мүмкүн. Долбоордун негизги максаты - коопсуз, экологиялык жактан таза жана чексиз энергия булагына жетишүү.
Ерлан Батырбеков КР улуттук ядролук борборунун башкы директору
- Иш өтөт. ITERдеги өнөктөштөрүбүз биздин ишибизге абдан ыраазы. Ошондуктан бул багыттын келечеги алдыда - деп ойлойм. Долбоорго дүйнөнүн алдыңкы 7 өлкөсү катышууда. Мен Казакстандын Улуттук ядролук борбору адамзат тарыхындагы эң чоң көйгөйдү натыйжалуу чечүүгө катышып жатканына сыймыктанам.
Которгон: Клара Кудайбергенова