Казакстандыктар үчүн жыйналган эгиндин кору жетиштүү

Казакстандыктар үчүн жыйналган эгиндин кору жетиштүү

Казакстандагы түшүм ички рынокту толук камсыз кылууга жетет. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Алихан Смаилов билдирди. Бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык аймактарында дан эгиндерин жыйноо иштери аяктап жатат. Акимчиликтердин маалыматы боюнча, дээрлик 17 миллион гектар эгин чабылды, 16 миллион тоннадан ашык дан бастырылды, анын ичинен 11 жарым миллион тоннага жакыны буудай. Деген менен премьер-министрдин айтымында, быйыл 2023-жыл ата мекендик дыйкандар үчүн оор болду. Жайкы кургакчылык жана узакка созулган нөшөрлүү жаан дан эгиндеринин өсүшүнө жана сапатына терс таасирин тийгизди. Буга карабастан өкмөт биринчи кезекте былтыркы түшүмдүн калдыктары өлкөнү ун жана нан менен камсыздоого жардам берет деп ишендирди. Мында азык-түлүк корпорациясынын резервдери жана региондук турукташтыруу фондулары пайдаланылат. Казакстандын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө өзгөчө көңүл бурулат. Алихан Смаилов аларга мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн баса белгиледи.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:
- Адилеттүү сатып алуу баасы белгиленди. Насыяны жана карызды төлөө мөөнөтү айып пул салынбастан узартылды. Эгинди кургатууга керектелүүчү отундун көлөмүн кошкондо арзандатылган дизель менен камсыздалды. Субсидияларды төлөө боюнча милдеттенмелерди толук аткаруу боюнча чаралар көрүлүүдө. Ошентип, өсүмдүк чарбачылыгы боюнча алгачкы 30 миллиард теңге субсидиялар бөлүндү. Мындан тышкары, буудайды түз сатып алуу үчүн тиешелүү каражат бөлүү чечими кабыл алынды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков