Казакстандын куткаруучулары Ооганстанга учуп кетишти. Алар Гератта жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүшөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен 45 адамдан турган отряд түздү. Кырсыктарды алдын алуу борборунун куткаруучулары, кинологдору, дарыгерлери жана фельдшерлери издөө иштерин жүргүзүп, адамдарды урандылардын астынан алып чыгышат. Куткаруучу топ зарыл жабдуулар менен жабдылган. Бардык адистердин табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча тажрыйбасы бар, аны быйылкы – Түркиядагы кырсыкта көрсөтүшкөн. Эске сала кетсек, тогуздун айынын 7де Ооганстандын Герат провинциясында күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков