Өлкө башчысы Курман айт майрамы менен куттуктады

Өлкө башчысы Курман айт майрамы менен куттуктады

Президент казакстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Майрам-ыймандын жана жакшылыктын символу. Айтта муктаждарга жакшылык кылуу-ата - бабалардан уланып келе жаткан жакшы салт, - деди Касым-Жомарт Токаев. Биздин динибиз жарандарды бири-бирин сыйлоого, жакындарына мээримдүү болууга чакырат. Боордоштукту жана сый-урматты даңазалайт. Ушундай жакшы баалуулуктар аркылуу элибиздин берекелүү биримдиги бекемделет. Биз өлкөбүздөгү туруктуулуктун артыкчылыктарын билип, тынчтыкты сактоо менен бийик максаттарга жетебиз. Биз биргеликте адилеттүү, таза, коопсуз жана кубаттуу Казакстанды түзөбүз, - деди президент.

Которгон: Илгиз Жамалбеков