Казакстан өзү өндүргөн спутниктердин бүтүндөй тобун учурууга ниеттенүүдө. Аларды иштеп чыгуу менен Азыр атамекендик «Ghalam» компаниясы алектенет. Спутниктердин бири Монголияга жеткирилет. Өлкөнүн космостук өнөр жайынын лидери дизайн боюнча гана эмес, ошондой эле аппараттарды өндүрүү жана сыноо боюнча да адистешкен. Компания атайын долбоорлоо жана технологиялык бюро ошондой эле сыноо комплекси иштейт. Макулдашуунун алкагында иштелип чыккан аралыктан зонддоонун спутниктик технологиялары Казакстан менен Монголияга Айыл чарба багытындагы жерлердин абалын натыйжалуу көзөмөлдөөгө, суу ресурстарын башкарууга жана айлана-чөйрөдөгү өзгөрүүлөрдү талдоого мүмкүндүк берет. Эскерте кетсек, космос тармагындагы эки өлкө ортосундагы келишимге Касым-Жомарт Токаевдин Улан-Баторго болгон мамлекеттик сапары учурунда жетишилген.
Бауыржан Алматов, ТОО «GHALAM» башкы мүдүрү:
– Бүгүнкү күндө ТОО «Ghalam» компаниясы орто резолюциядагы жерди зонддоодо спутниктердин тобун түзүү боюнча долбоорду ишке ашырып жатат. Долбоор 2023-жылы башталган. Азыр долбоорлоо стадиясында, келерки жылдан баштап монтаждоо этабынын башталышын күтөбүз. Аталган долбоордун алкагында казакстандык адистер толугу менен катышууда. Монголиядан келген өнөктөштөр менен жерди аралыктан зонддоочу космостук аппаратты жеткирүү боюнча келишимге кол коюлду. Ал бул топтун төртүнчү аппараты болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков