Товар жүгүртүүнү көбөйтүүнүн логистикалык мүмкүнчүлүктөрү жана келечектери. Ушул жана башка орчундуу маселелер Грузияда өткөн кеме каттамы боюнча эл аралык конференцияда талкууланды. Форум Кара деңиздеги эң чоң порт Поти шаарында уюштурулду. Жыйынга Казакстандын делегациясы да катышты. Дүйнөдө түзүлгөн геосаясий кырдаалга байланыштуу бүгүнкү күндө Транскаспий эл аралык транспорт коридору боюнча жүк ташуу талабы кескин өстү. Бул багыттагы Казакстан менен Грузиянын кызматташтыгы жакшы өнүгүп жатат. Өткөн жылы эки тараптуу соода жүгүртүү 88 миллион долларды түзгөн. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы эки айында өнөр жай 57 пайызга өскөнү катталды.
Азамат Аскарулы, QazTrade башкы мүдүрү:
– Грузия - Казакстандын соода алакалары үчүн абдан маанилүү өлкө. Ал аркылуу Түштүк Европага жана Түркияга чыккан экспорт гана эмес, Грузия аркылуу бизге келген импорт үчүн да маанилүү. Макулдашылган декларациянын алкагында биз Казакстан, Грузия, Азербайжан жана Түркия менен биргелешкен ишканаларды түзүү жана жүк ташуу коридорун мындан ары өнүктүрүүнү талкуулоону көздөп жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков