Казакстан менен Франция суу ресурстары боюнча кызматташтыкты чыңдоого кызыктар. Француз өнүктүрүү агенттиги биргелешкен долбоорлор боюнча техникалык талдоо, узак мөөнөттүү насыялар менен гранттарды берүү аркылуу каржылоо жана башка техникалык-экономикалык жардам көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу Суу чарба жана ирригация министринин аталган уюмдун өкүлдөрү менен жолугушуусунда белгилүү болду. Нуржан Нуржигитов өз сөзүндө суу тармагында иштеген ата мекендик адистердин кесиптик квалификациясын жогорулатып, билимин өркүндөтүү максатында франциялык серепчилерди тартууну көздөп жатканын билдирди. Мындан тышкары, министр бирдиктүү маалымат борборунун ишин жакшыртуу үчүн адистерди жөнөтүү маселесин да көтөрдү. Ал борбор өлкөдөгү бардык суу чарба объекттери боюнча маалыматтарды чогултуп, талдайт.
Нуржан Нуржигитов, Суу ресурстары жана ирригация министри:
- Биринчиден, албетте, сууну жетиштүү топтоп, аны натыйжалуу пайдаланып, ным үнөмдөөчү технологияларды колдонуу маселесинде тажрыйба топтошубуз керек. Керектөөчүлөрдү сууну натыйжалуу жана үнөмдүү пайдаланууга үйрөтүү абдан маанилүү. Биз муну колго алабыз. Ал эми айыл чарбасында жана ичүүчү суу менен камсыздоодо ным үнөмдөөчү технологияларды биргелешип колдонууда сиздердин жардамыңызга таянабыз деген ойдобуз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков