Парламентте Казакстандын экономикасын алдыдагы беш жылга өнүктүрүүнүн негизги сценарийи жарыяланды. Божомолдор боюнча, келерки жылдары инфляцияда 2024-жылга карата 4-5%, 2025-2027-жылдары 3-4% төмөндөө болушу мүмкүн. Ички дүң продукциянын реалдуу өсүшү 2023-жылы 4%дан 2027-жылга 4,2%га чейин тездейт. ИДПнын номиналдык көлөмү да 120,7 триллион теңгеден дээрлик 177 триллионго чейин өсөт. Ошондой эле өлкөдө мунай өндүрүүнүн өсүшү күтүлүүдө. Беш жылдын ичинде ал 100 миллион тоннага чейин жетет. Бул тууралуу өлкөнүн улуттук экономика министри Алибек Куантыров билдирди.
Алибек Куантыров, Казакстандын улуттук экономика министри:
- Республикалык бюджеттин жана Улуттук фонддун параметрлерин түзүүдө мамлекет башчысы тарабынан үнөмдүү жана жоопкерчиликтүү бюджеттик саясаттын концепциясын камсыз кылуу боюнча милдеттер аткарылды. 2023-2025-жылдарга республикалык бюджеттин параметрлери бюджеттик саясаттын анын киреше базасын толуктоонун жаңы булактарын түзүүгө, чыгашалардын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын топтоштуруу багытын эске алуу менен аныкталат. Республикалык бюджетке кошумча кирешелер Өкмөт тарабынан киреше базасын кеңейтүү жана салыктык башкарууну жакшыртуу, ошондой эле көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартуу боюнча көрүлүп жаткан чаралардын эсебинен камсыз кылынат.
Ошондой эле, ведомство башчысы 2023-2025-жылдарга Улуттук фонддон кепилденген трансферт жөнүндө мыйзам долбоорун кароого алып чыкты. Документ депутаттар тарабынан жактырылды.
Алибек Куантыров, Казакстандын улуттук экономика министри:
- Улуттук фонддон кепилденген трансферттердин көлөмү жаңы бюджеттик эреже менен чектелет, алар мунайдын чектүү баасын эске алуу менен аныкталат. Мунай секторундагы уюмдардан болжолдор боюнча Улуттук фондго түшкөн тике салыктардын көлөмү ашпайт. Ошентип, мыйзам долбоорунда мунайдын чектүү баасы 2023-жылы баррелине 48,9 доллар, 2024-2025-жылдары баррелине 42,2-40,3 доллар деп белгиленген. Муну эске алуу менен 2023-жылы республикалык бюджетке кепилденген трансферттин көлөмү 2,2 трлн. теңгеге, андан ары кыскартуу менен 2024-жылы 2,0 трлн. теңгени жана 2025-жылга 1,9 трлн. теңге көлөмү аныкталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков