К. Токаев Караганды облусундагы бир катар ишканалар менен социалдык объектилерди кыдырды

К. Токаев Караганды облусундагы бир катар ишканалар менен социалдык объектилерди кыдырды

Мамлекет башчы Караганды облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Саран шаарындагы жаңы Silk Road Electronics заводуна барды. Азыр алар тиричилик жана электрондук жабдууларды чыгарышат. Ушул жылдын башынан бери эле компания Казакстандын соода түйүндөрүнө 100 миң даана өнүм жеткирген. Эми ал 2027-жылга чейин өндүрүш кубаттуулугун бир миллиондон ашык тиричилик техникасына чыгарып, өз өнүмдөрүн КМШ өлкөлөрүнө экспорттоону пландап жатат.


Александр Критский, «MERIDIAN COMPANY» компаниясынын техникалык мүдүрү:


- Биз тиричилик техникаларынын 7 түрүн чыгарабыз. Бул сыналгылар, чаң соргучтар, кир жуугуч машиналар, ашкана соргучтары, кичи мештер жана суу жылыткычтар. Кыргызстанга биринчи жолу жеткирүүлөр болду. Азыр биз экспортту КМШ жана бажы биримдигинин башка өлкөлөрүнө кеңейтүүнүн үстүндө иштеп жатабыз.

 

Ал эми түштүк кореялык компаниянын келиши менен өндүрүш масштабы өсөт. Samsung Electronics Central Eurasiaнын  башчысы Минки Чу бул белгилүү Түштүк Кореялык бренд менен телевизорлорду жана автоматтык кир жуугуч машиналарды чыгарууну уюштуруу планын билдирди. Ошондой эле мамлекет башчы Саран шаарында шина чыгаруучу заводдо болду. Касым-Жомарт Токаев өндүрүштүк цикл жана ишкананын өнүгүү келечеги менен таанышты. Бул завод биринчи жылы 1 миллион өндүрөт деп күтүлүүдө, ал эми 3 жылдан кийин - 3,5 миллион дөңгөлөккө жетери көздөлүүдө.  Белгилей кетсек, унаалар үчүн жумшак резина Attar бренди менен чыгарылат.  Ал эл аралык стандарттар боюнча тастыкталган. Дөңгөлөктөр ички рынокко жеткирилет жана чет өлкөгө жөнөтүлөт. Бул жылы атамекендик JAC автоунаалары менен толукталат. Буюмдардын бирине мамлекет башчы өзүнүн кол тамгасын калтырды.


Дмитрий Пророков, Дөңгөлөк борборунун чогултуу-даярдоо тилкесинин башкы инженери:


- 13 дюймдан 20 дюймга чейинки өлчөмдүү дөңгөлөктөрдү жасоо пландалган.  Бул менин артымда, 16 дюймдук дөңгөлөктүн көлөмү көрсөтүлүп жатат. Башка курулушта - 15 дюйм жана 3,5 миллион дөңгөлөк. 3 миллион жеңил жана 500 миңге чейин жүк ташуучу шиналар өндүрүлмөкчү.


Касым-Жомарт Токаев Шахтер айылынын социалдык объектилерине барды. Бул жерде дене тарбия ден соолукту чыңдоо комплекси иштейт. Волейбол, баскетбол, футбол, үстөл тенниси боюнча секциялар жана казак күрөшү бар.  Бул жерге коңшу айылдардан да балдар катышат.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Келечекте чемпион боло аласыңар деп ойлойм, бирок эң негизгиси бул эмес, өзүңдө жакшы маанайды сактоо маанилүү. Спорт албетте, сергек жашоо образы. Бул жаркын келечек. Ошондуктан мен силерге ийгилик каалайм!


Мамлекет башчы оңдолгон маданият үйүн көрүп чыгып, үйлөмө оркестрдин жамааты менен баарлашып, аймактарда спорт жана маданият долбоорлорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Касым-Жомарт Токаев айылдын эмгекчилери менен да баарлашты. Президент мамлекет айылдын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл буруп, фермерлерге колдоо көрсөтүүнү улантып жатканын белгиледи.


Которгон: Илгиз Жамалбеков