Казакстанда жолдорду курууга, оңдоого жана тейлөөгө 79
жаңы материал комплекстүү сыноодон өтөт. Алар азыр лабораториялык текшерүүдөн
ийгиликтүү өтүштү. Эми өлкө боюнча ар кандай жол участокторунда колдонулат. Сынактын
натыйжалары кайсы технологиялар кеңири колдонууга ылайыктуу экенин аныктоого
жардам берет. Мындай ыкма жол курулушунун сапатын
гана жогорулатпастан, инновациялык чечимдерди алдын ала тандоонун эффективдүү
системасын түзүүгө мүмкүндүк берет. Алардын арасында ата мекендик илимий иштеп
чыгуулар да бар. Сыноолор RCMbase санариптик платформасында жүргүзүлөт. Бул жол
курулуш материалдарынын жана жаңы технологиялардын, лабораториялардын жана
өндүрүштүк кубаттуулуктун бирдиктүү базасы болуп саналат.
Ерик Амирбаев, «КАЗЖОЛГЗИ» АК вице-президенти:
- Азыр базада 153 технология менен материалдар бар. Анын 41
«жашыл» макамга ээ. Демек бул технологиялар толук ишке киргизилип жатат дегенди
билдирет. Бул битум түрлөрү, топуракты турукташтыруу ыкмалары, технологиялык
процесстер, техникалык карталар жана башкалар. Баары базада көрсөтүлгөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

