Казакстан менен Чехия 2024-жылы 600
миллион доллардан ашык соода
алмашкан. Өлкө Чехияга чийки мунай жеткирүүчүлөрдүн алдыңкы бештигине кирди.
Өткөн жылы Казакстан чех рыногуна миллион тоннадан ашык «кара алтын» экспорттогон.
Бул тууралуу өлкөлөрдүн экономикалык, өнөр жай жана илимий-техникалык
кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-отурумунда белгилүү болду.
Ага эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрү катышты. Тараптар өз ара аракеттенүүнү күчөтүү
үчүн келечектүү багыттар деп энергетика, пайдалуу кендерди жана өтө маанилүү
материалдарды казып алуу, унаа жасоо, айыл чарба, санариптештирүүнү аташат.
Нанотехнологияларды, фармацевтиканы жана авиацияны биргелешип өнүктүрүүгө эки мамлекет
тең кызыкдар.
Олжас
Сапарбеков, Өнөр жай жана курулуш вице-министри:
- Биз
азыр учактарды тейлөө боюнча маселени иштеп жатабыз, ошондой эле Чех өндүрүүчүлөрүн
тартуу менен Семейдеги фабрикабыздын учурдагы базасында өндүрүштү чектөө жана
кеңейтүү маселелерин иштеп жатабыз, ошондой эле бизде Шкод автоунааларын өндүрүү
боюнча кызматташтык бар. Бизнес ортосунда өз ара кызматташуу боюнча пландарыбыз
бар. Бул жердеги биздин биргелешкен технологиялар –же алардын технологиялары
боюнча.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

