Түркмөнстандын
транспорт тармагы үчүн маанилүү окуя. Республиканын деңиз портунда жаңы кургак
жүк ташуучу кеме суу бетине түшүрүлдү. Ал жергиликтүү заводдо кореялык
өнөктөштөр менен биргеликте эл аралык стандарттарга ылайык курулган. Кургак жүк
ташуучу кеме 240ка чейин жыйырма футтук контейнерди ташууга жөндөмдүү. Жылдын
аягына чейин өлкөдө дагы бир кемени ишке киргизүү пландаштырылууда. Жүк ташуучу
кемелер Каспий боюндагы мамлекеттердин ортосунда үзгүлтүксүз каттамды
камсыздайт жана аймактагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөт, деп
белгилешет серепчилер.
Байрамберды Абдугапуров, «Балкан» кеме-куруу жана оңдоо заводунун
дефект -инженери:
– Кеме деңизде да, дарыяларда да жүрүүгө ылайыкталып атайын долбоорлонгон. Кургак жүк ташуучу кеме жалпы жүктөрдү жана контейнерлерди коңшу өлкөлөргө — Иран Ислам Республикасына, Азербайжанга, Казакстанга жана Орусияга ташууга арналган. 6100 тонна жүк көтөрүмдүүлүгү жана эл аралык стандарттарга толук шайкештигинин аркасында кеме эң натыйжалуу логистиканы камсыздайт.
Бердымаммет Аширов,
Түркмөнстандын деңиз жана дарыя транспорту кызматынын инспектору:
– Түркмөнбашы эл аралык
деңиз портунун жайгашкан жери Чыгыш менен Батышты байланыштыруу үчүн
транскаспий транспорттук коридорлорунун дараметин максималдуу түрдө
пайдаланууга мүмкүндүк берет. Кемени иштетүү ички ташууларды оптималдаштырууга
гана эмес, эл аралык өнөктөштөргө ишенимдүү жана жогорку технологиялык
логистикалык чечимдерди сунуштоого шарт тузөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

