ОПЕКтин башкы катчысы: Казакстан – дүйнөлүк энергетика рыногунда маанилүү оюнчу

ОПЕКтин башкы катчысы: Казакстан – дүйнөлүк энергетика рыногунда маанилүү оюнчу

Казакстан дүйнөлүк энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт. Бай жаратылыш ресурстары жана стратегиялык жактан маанилүү географиялык абалы өлкөнү Европа үчүн гана эмес, Азия жана Борбордук Азия үчүн да негизги жеткирүүчү кылды. Бул тууралуу ОПЕКтин башкы катчысы Хайтам аль-Гаис KazEnergy форумунун аянтында Kazinform агенттигинин кабарчыларына берген эксклюзивдүү интервьюсунда билдирди.

Хайтам Аль-ГаИс, ОПЕКтин Башкы катчысы:

- Казакстан − дүйнөлүк мунай жана газ тармагынын негизги оюнчусу. Болжол менен 30 миллиард баррель далилденген корлору менен - бул дүйнөлүк корлордун болжол менен 2%ын түзөт - Казакстан көп жылдар бою энергиянын негизги жана ишенимдүү жеткирүүчүсү болуп калууга бекем позицияда турат. Президент Токаевдин тажрыйбалуу жетекчилиги астындагы саясий туруктуулук инвесторлорго да, өнөктөштөргө да ишеним жаратат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков