Казакстандык кол өнөрчүлөр E-COMMERCE аркылуу эл аралык базарларга чыгат

Казакстандык кол өнөрчүлөр E-COMMERCE аркылуу эл аралык базарларга чыгат

Байыркынын элементтерин заманбап түскө кошуп уникалдуу чыгармаларды жараткан ата мекендик кол өнөрчүлөр дүйнөлүк рынокко чыгат. Салттуу кесибин жандандырып жаткан чеберлердин оригиналдуу өнүмдөрү электрондук коммерция соода платформасында сунушталат. Уникалдуу колго жасалган буюмдар атайын түзүлгөн онлайн дүкөндө сатылат. Мындай демилге Европа биримдигинин каржылоосу менен “Ready4Trade” долбоорунун алкагында жүзөгө ашырылат.

Кестутис Янкаускас, Европалык Биримдиктин Казакстандагы элчиси:

- Борбордук Азия уникалдуу каада-салттарга, кайталангыс маданиятка жана байыркы кол өнөрчүлүккө бай аймак. Бирок, дүйнөдөгү ар бир адам алардын жагдайы жөнүндө биле бербейт. Салттуу жасалма искусствону жандандырып жаткан чеберлер, чопо менен иштеген усталар, зер буюмдарын жасаган зергерлер бар. Учурда биз бир нече континенттерге чыгуу мүмкүнчүлүгү бар дүйнөдөгү эң чоң базарлардын бири менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Биз аларга Орто Азия чөлкөмүнүн кол өнөрчүлөрү менен иштешүүнү сунуш кылдык. Жетекчилик бул сунушту дароо кубаттады.

Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнөн келген кол өнөрчүлөр өз эмгектерин электрондук соода аянтчасына жайгаштыра алышат. Дипломаттын айтымында, аталган долбоор аймактагы чеберлердин колунан жаралган уникалдуу буюмдарды эл аралык деңгээлде көрсөтүүгө жол ачат. Алгачкы этапта 40 гана кол өнөрчү тандалып алынат. Аларга онлайн платформага кантип катталуу жана өз товарларын сунуштоодон баштап, кардарга кантип жеткирүүгө чейин үйрөтүлөт. Ошондой эле, Борбор Азиялык чеберлер башка соода аянтчаларына кире алышат. Азем белектер ЮНИСЕФте, Смитсон элдик искусство фестивалында, Road Scholar World Market жана башка белгилүү эл аралык базарларда сунушталат.

Кестутис Янкаускас, Европалык Биримдиктин Казакстандагы элчиси:

- Долбоор биринчи кезекте аймактын соодадагы ички тоскоолдуктарын жоюуга жана кол өнөрчүлөрдү кубаттоого багытталган. Борбор Азия өлкөлөрү 75 миллиондон ашуун калкы бар ири базарлардын бири. Мындан тышкары, Европа Биримдигине жана башка дүйнөлүк рынокторго жол ачат. Программа облустун кол өнөрчүлөрүнө электрондук сооданын заманбап механизмдерин колдонууга кеңири мүмкүнчүлүк берет. Борбордук Азиянын кол өнөрчүлөрү Евробиримдиктеги кесиптештери сыяктуу эле экономиканын негизги күчү болушу керек деп эсептейбиз. Ири ишканалар мындай колдоого муктаж эмес. Биз санарип платформалар аркылуу өнүмдөрдү сатуу эл аралык сооданын келечеги деп эсептейбиз. Сиздерди долбоорго активдүү катышууга чакырабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков