Башкача айтканда, жашы жете элек ар бир жарандын эсебине жылына 150 доллар өлчөмүндөгү каражат которулат. Улуттук фонд-балдарга жаңы программасынын алкагында өлкөдө төрөлгөн ар бир ымыркайга автоматтык түрдө атайын аманат эсеби ачылат. Чийки зат секторунан түшкөн кирешенин жарымы балдардын баарына бирдей бөлүштүрүлөт. Каржы вице-министри Даурен Темирбековдун айтымында, төлөмдүн көлөмү инвестициялык кирешеге жараша өзгөрүшү мүмкүн. Эсептөөлөргө караганда, бала 18ге чыкканда анын эсебиндеги акчанын суммасы үч жарым миң долларды түзөт. Аны ата мекендик же чет элдик окуу жайларында окуу акысын төлөөгө же Казакстандан турак жай сатып алууга колдонсо болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков