«АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын жамааты өзүнүн калыптанып калган салтын улантып келет. Быйыл компания Караганды облусундагы №2 реабилитациялык борбордун тарбиялануучуларына Монтессори ыкмалары менен жабдылган бөлмөнү белекке берди. Бул балдарды коргоо күнүн утурлай жасалды. Белгилей кетсек, аталган борбордо түрдүү оорулары бар 58 бала тарбияланат.
– Балдарды окутуу программасын кандай даярдайсыздар? Ар бирине өз-өзүнчөбү?
- Ар бир балага өз-өзүнчө өнүктүрүү программасы сунушталат.
– Борбордо жалпысынан канча кызматкер иштейт?
- Бизде жалпысынан 30дан ашык кызматкер бар. Анын ичинде техникалык кызматкерлер, 13 мугалим, адистер, ошондой эле 4 тарбиячы жана жана алардын жардамчылары бар.
Монтессори ыкмасы боюнча мугалим баланын окуу жараянына кийлигишпейт, аны сырттан гана көзөмөлдөп, өзүнүн чөйрөсүн калыптандырууга шарт түзөт. Ушундайча балдар курчаган чөйрө менен өз алдынча таанышууга мүмкүндүк алышат.
Ольга Чеховская, Караганды облусунун №2 Билим Башкармалыгынын реабилитациялоо борборунун КММ мүдүрүнүн тарбия иштери боюнча орун басары:
- Биздин реабилитациялык борбордо бардык шарттар түзүлгөн. Ал эми азыр балдар үчүн Монтессори бөлмөсү бар, ал жерде ар кандай оңдоолор жүргүзүлөт. Ошол эле учурда Биджу Наир баштаган «АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын кызматкерлерине дайыма колдоо көрсөтүп, дем-күч берип жатканы үчүн ыраазычылык билдирем.
Балдар үчүн күтүүсүз белектер муну менен эле чектелбейт. «АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын өкүлдөрү онкологиялык ооруга чалдыккан балдарга жардам берген «Балдар үчүн жашоо» фондунун балдары менен жолугушуп, аларга жаңы жылуу жууркандарды белекке берди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков