Жалган куран айынын бири Казакстанда - ыраазычылык билдирүү күнү. Бул күнү өлкөдө Казакстан эли ассамблеясы түзүлгөн. Жаздын келиши менен башталган майрам 2016-жылдан бери белгиленип келет. Бүгүн «Ыраазычылык билдирүү күнү» көп улуттуу өлкөнүн биримдигинин символу болуп калды. Бул майрам өсүп келе жаткан муундарды мекенчилдикке, өз ара урматтоого жана достукка тарбиялоого, ошондой эле, Казакстандагы улуттар аралык ынтымакты жана улуттар аралык мамилелерди чыңдоого багытталган. Белгилей кетсек, быйылкы ыраазычылык айтуу майрамы дарыгерлерге, мугалимдерге, медицина кызматкерлерине жана полиция кызматкерлерине арналды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков