Костанайда «KIA» автоунааларын чыгаруучу заводдун курулушу башталды. Анын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 70 миң автоунаа чамасында болот деп күтүлүүдө. Түштүк кореялык компания толук циклдеги ишканага 250 миллион долларга жакын инвестиция салат. План боюнча заводдогу курулуш иштери кийинки жылы аяктайт. Ал эми 2025-жылы компания унааларды чыгара баштайт. Аймак жана өлкө үчүн масштабдуу долбоордун пайда болушу эки мамлекеттин тыгыз кызматташтыгынын аркасында жетишилди. Мындан тышкары, ишкананын курулушу экономиканын бардык тармактарында Түштүк Корея менен биргелешкен инвестициялык долбоорлор үчүн үлгү болуп каларын премьер-министрдин биринчи орун басары белгиледи. Заводдун курулушунун расмий башталуу иш-чарасына Роман Скляр жана Костанай облусунун акими Кумар Аксакалов катышты.
Роман Скляр,
Премьер-министрдин биринчи орун басары:
- Үстүбүздөгү
жылдын үчтүн айында Президент Касым-Жомарт Токаев Костанай шаарындагы Kia
Sportage автоунааларын чыгаруучу чакан өндүрүшүнүн ачылышына катышып, өнөр жай
кооперациясын мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген. Бул чынында
тарыхый окуя. Себеби, KIA корпорациясы өзүнүн тарыхында биринчи жолу
биргелешкен ишканага инвестиция салып, Корея Республикасынын чегинен тышкары завод
ачууда. Бул мамлекет катары - Казакстан тандалды.
Ким Дэки, KIA
QAZAQSTAN заводунун башкы мүдүрү:
- Костанай
облусунун акимчилиги биздин долбоордун өнүгүүсү үчүн бардык керектүү шарттарды
түзүп берүүдө. Мындан тышкары, Костанайда жогорку сапаттагы автомобиль чыгаруу
үчүн керектүү тетиктерди жеткирүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Ошондуктан KIA
өз тарыхында биринчи жолу өлкөнүн өкмөтү менен биргеликте Костанайда ишкана куруу
тууралуу чечим кабыл алды. Биз бул шаарды Казакстандын автомобиль өнөр жайынын
лидери кылгыбыз келет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков