Бээжин 2022: Акмаржан Калмырзаева 11-орунду ээледи

Бээжин 2022: Акмаржан Калмырзаева 11-орунду ээледи

Бээжинде өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында Казакстандык спортчу Акмаржан Калмырзаева 11-орунду ээледи. Ал акробатика боюнча кыз-келиндердин эркин түрү боюнча күч сынашты. Биринчи машыгууда Акмаржан жыгылып калды. Ал эми экинчисинде техникалык катадан улам секирүүнү аткара алган жок. Буга чейин Казакстандын курама командасынын лидери Жанбота Алдабергенова мелдештин финалына чыга албай калган.

Ақмаржан Калмырзаева, фристайлдын акробатика түрүнөн улуттук кураманын мүчөсү:

Бардык көрүүчүлөр, колдооңуздар үчүн рахмат. Тилекке каршы, ушундай жыйынтык болуп калды, болгону 11-орун болдум.

Айта кетсек, мелдештин 12-күнүндө казакстандыктар бир эле учурда эки таймашта күч сынашат. Шыңгыз Ракпаров лыжа жарышы – трамплинден секирүү жана 10 чакырым аралыкка чуркоо боюнча күч сынаса, Шерзод Хаширбаев эркектер арасында фристайл-акробатикадан багын сынайт. Бээжин олимпиадасына Казакстандын атынан 34 гана спортчу катышууда. Кышкы оюндар бирдин айынын 20на чейин уланат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков