Өлкөдө коронавирус инфекциясынын үчүнчү толкуну жеңил өтүп жатат. Калк арасында жамааттык иммунитеттин калыптанышы эпидемиянын жеңил же орточо түрү менен көпчүлүктүн ооруп калышына себеп болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Ажар Гиният билдирди. Министрликтин башчысынын айтымында, республиканын саламаттыкты сактоо тармагындагы абал туруктуу. Маселен, үстүбүздөгү жылдын башында республика боюнча 16 миңден ашык бейтап катталса, учурда 230га жакын адамда вирус тастыкталды. Өлкөдөгү ковид-ооруканаларындагы керебеттердин 10%да гана бейтаптар дарыланып жатышат.
Ажар Гиният, Саламаттыкты сактоо министри:
- Азыркы учурда бардык аймактар жашыл зонада. Биз күн сайын мониторинг иштерин жүргүзүп турабыз. Мындан тышкары бардык вирустарга генетикалык изилдөөлөр жана талдоолор жүргүзүлүүдө. Азырынча эч кандай коркунуч жок.
Белгилей кетсек, акыркы суткада коронавируска чалдыккандардын саны кескин көбөйгөн. 231 адамдын ичинен жугуштуу вирус аныкталса, 11 адам ковиддин белгилери менен пневмонияга чалдыккан. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2500гө жакын адам инфекцияга каршы дарыланып, алардын 282си ооруканада жатат.