Алматыда «ABAI ULTTYQ MEKTEBI» алгачкы улуттук мектебинин курулушу башталды

Алматыда «ABAI ULTTYQ MEKTEBI» алгачкы улуттук мектебинин курулушу башталды

Казакстанда таланттуу балдар үчүн алгачкы «ABAI ULTTYQ MEKTEBI» ачылат. Билимдин жаңы очогу 900 окуучуга эсептелген. Аталган объект Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен Алматы шаарында курулат. Окуу жайды келерки жылы пайдаланууга берүү пландалууда. Анын иши Абайдын философиясына, анын «беш асыл иш» идеясына негизделмек. Окуу жараяны казак тилин жана адабиятын тереңдетип окутууга багытталган.

Гулсила Муздыбекова, Окуу-агартуу министрлигинин орто билим берүү комитети башкармалыгынын жетекчиси:


- «ABAI ULTTYQ MEKTEBI» заманбап билим берүү мейкиндигинде атаандаштыкка жөндөмдүү жаштарды окуткан билим берүү уюму болушу керек. Ал мамлекет башчысынын «Адал азамат» концепциясына жана «Абайдын толук адам» илимий ылайык патриоттордун жаңы муунун калыптандырууга, мамлекеттик башкаруунун казак элитасын тарбиялоого багытталган. Азыркы учурда «ABAY-Programme» бирдиктүү программасы иштелип жатат. Анда казак тилин жана бир нече чет тилдерди терең үйрөнүүгө артыкчылык берилген.


Мында мектептин инфраструктурасында пансионат, мугалимдер үйү, китепкана, спорт комплекси, күнөскана аймактары жана башка курулуш объекттери каралгандыгын белгилей кетүү керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков