Казакстандык «Кажымукан» тасмасы Италиядагы кинофестивалдын башкы сыйлыгын жеңди

Казакстандык «Кажымукан» тасмасы Италиядагы кинофестивалдын башкы сыйлыгын жеңди

Казакстандык «Кажымукан» тасмасы Италиядагы абройлуу эл аралык кинофестивалда жеңүүчү аталды. Тасма бир эле учурда төрт башкы сыйлыкка ээ болуп, «Мыкты фильм», «Мыкты эркектин ролу», «Мыкты режиссура» жана «Мыкты сценарий» номинацияларында жеңишке жетти. Канагат Мустафин сценарийдин үстүндө ишти 2012-жылы баштаган, бирок тасма тартуу иштери сегиз жылдан кийин болгон. Тасма чоң экрандарга өткөн жылы чыккан. Белгилей кетсек, тасма француз күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болгон биринчи казак Кажымукан Муңайтпасовдун тагдыры тууралуу баяндайт. Анын спорттук карьерасы эл аралык жана союздук мелдештерде көптөгөн жеңиштер менен коштолгон. Ал 50гө жакын медаль жеңип, улуттук баатырга жана Казакстандын күчүнүн, эрдигинин жана сыймыгынын символуна айланган. 

Которгон: Назира Бегалиева