Бельгия борборунда Борбор Азия мамлекеттеринин маданияты тааныштырылды

Бельгия борборунда Борбор Азия мамлекеттеринин маданияты тааныштырылды

Келген конокторго көчмөндөрдүн сүрөттөрү, чеберлердин кол өнөрчүлүк буюмдары, улуттук кийимдер, идиш-аяктар жана тиричилик буюмдары көрсөтүлдү. Мындан тышкары коноктор Улуу Талаанын музыкасын угуп, Борбор Азия мамлекеттеринин улуттук тамак-аштарынан даам татышты. Иш-чара Борбор Азия менен Евробиримдиктин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата уюштурулду. Ошондой эле, Биримдиктин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала аймак өлкөлөрүнүн биримдикке жана жалпы кызыкчылыктарга багытталган иштерин жогору баалады.

Люк Девинь, Европанын тышкы иштер кызматынын башкаруучу мүдүрүнүн орун басары:

- Казакстан аймактагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча келишимге кол койгон биринчи өлкө. Бул жагынан Казакстан маанилүү роль ойнойт, анын ичинде Евробиримдиктин аймактагы эң ири экономикалык өнөктөшү катары. Евробиримдик менен Борбордук Азиянын ортосундагы мамилелердин келечеги кең, өзгөчө Евробиримдик Казакстан менен түз алакаларды өнүктүрүүгө кызыкдар. Биз жаңы геосаясий мейкиндикте жашап жатабыз, ошондой эле бир катар чакырыктар да бар. Ошондуктан биз бул көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрөбүз. Буга кошумча биз президент Токаевдин Казакстанды демократиялык, укуктук мамлекет катары өнүктүрүү боюнча реформасын колдойбуз.

Катышуучулар Европа Биримдиги менен Борбордук Азиянын ортосундагы мындан аркы кызматташуунун пландары менен алмашышты. Байыркы Жибек жолу жолунда соода-экономикалык жана маданий алмашуунун мааниси, аймактын дарамети талкууланды.

Стефано Саннино, Еврпопанын тышкы иштери кызматынын башкы катчысы:

- Евробиримдиктин чөлкөм менен алакасы азыртадан эле жогорку деңгээлде. Биз үчүн Борбор Азия өлкөлөрү дүйнөдөгү туруктуулуктун жана коопсуздуктун баалуу өнөктөштөрү. Казакстан саясий жана экономикалык жактан абдан маанилүү өлкө. Геосаясий кырдаалдын татаалдыгына байланыштуу бир катар кыйынчылыктар бар. Бирок, биздин жарандардын ортосундагы мамилени, ошондой эле экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр көп. Аймак менен Европанын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү баарыбыз үчүн маанилүү милдет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков