Казакстандыктар
Абай Кунанбай уулунун 180 жылдыгына арналган челлендждерди активдүү колдоп
жатышат. Социалдык тармактардагы конкурстар популярдуулукка ээ болууда. Мисалы,
көптөгөн колдонуучулар, анын ичинде саясатчылар, коомдук ишмерлер, медиа
инсандар, студенттер жана жөнөкөй жашоочулар улуу казак ойчулу жана философунун
поэзиясы боюнча билимдерин көрсөтүшүүдө.
Абайдын чыгармаларын
баалагандардын арасында Батыш Казакстан облусунан келген IT-инженер Павел
Ерофеев да бар. Ал мамлекеттик тилди эркин билет жана казак акынынын юбилейин
белгилөөнүн алкагында республикалык конкурста белгиленген. Павел сүйүктүү
акынынын ар бир сабынан өзүнүн руханий өнүгүүсү үчүн шыктануу табаарын айтат.
- Мен қазақпын,
мың өліп, мың тірілген,
Жөргегімде
таныстым мұң тілімен.
Жылағанда
жүрегім күн тұтылып,
Қуанғанда
күлкімнен түн түрілген.
Баш оона айынын
онунда - Абай күнүндө - Павел улуу ойчул жана философтун мекенинде майрамдык
иш-чараларга катышат. Ошол эле күнү дагы бир челлендждин жыйынтыгы чыгарылат. Анда
казакстандыктар өздөрүнүн эң жакшы көргөн 10 китебин аташат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

