Казакстандын алдыңкы музыканттары бир сахнада жолугушту. «Астана Балет» театрында симфониялык музыка кечеси өттү. Программада композиторлордун, анын ичинде Людвиг ван Бетховендин мыкты чыгармалары камтылды. Иш-чара театрдын «Ысымдар» аттуу долбоорунун алкагында уюштурулду. Анын максаты-өлкөнүн музыкалык маданиятын даңазалаган искусство сүйүүчүлөрүн чогултуу жана көрүүчүлөргө таасирдүү концерт сунуштоо. Сахнада чет элдик искусствонун өнөр сүйүүчүлөр коомун кубантууга жетишкен эл аралык беделдүү сынактардын лауреаттары өнөрлөрүн сунуштады. Алар скрипач Каламкас Жумабаева, виолончельчи Ермек Курманаев жана пианист Амир Тебенихин. Алар көрүүчүлөргө скрипка, виолончель жана фортепиано боюнча концерт тартуулашты. Театралдык оркестрдин аткаруусунда австриялык композитор Франц Шуберттин атактуу «№8 симфония» чыгармасы аткарылды.
Арман Оразгалиев, «Астана Балет» театрынын симфониялык оркестринин башкы дирижеру:
- Мындан бир жылдан бир аз ашык убакыт мурда театр өз оркестрин түзгөндө бул идеяны ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү болду. Көрүүчүлөргө унутулгус таасир калтыра турган уникалдуу долбоорду түзүү керек болду. Казакстанда эле эмес, чет өлкөлөрдө да таанылган музыканттардын башын кошууну чечтик. Бул долбоордун биринчи коногу, тагыраагы-алгачкы аткаруучу Амир Тебенихин болду. Ал азыр Европада жашаган биздин жердешибиз. Мыкты музыкант, укмуштуудай пианист-биздин ойлорубузду ишке ашырууга түрткү болду. Демилге ийгиликтүү өттү. Ошондон бери биз белгилүү атамекендик музыка менен концерт берип келебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

