Атырау оркестри немис коомчулугуна өнөрлөрүн  тартуулашты

Атырау оркестри немис коомчулугуна өнөрлөрүн  тартуулашты

Казак оркестри Берлиндин өнөр сүйүүчүлөр коомчулугун таң калтырышты. Германиянын борборунда Дина Нурпейисова атындагы Атырау академиялык эл аспаптар оркестринин концерти өттү. Маданий иш-чара Казакстан менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына арналды.

Дина Нурпейисова атындагы Атырау академиялык эл аспаптар оркестринин репертуарында 800гө жакын чыгарма бар. Алар ар кандай жанрларды камтыйт: улуттук чыгармалардан баштап классикалык шедеврлерге, заманбап музыкага чейин. Артисттер Берлинге «Европадагы улуу талаа музыкасы» аттуу атайын программаны алып келишти. Жамаат көрүүчүлөрдүн назарына казак элдик музыкасынын чыгармаларын сунуштады. Майрамдык кече Түркештин «Көңүлачар» күүсү менен ачылды. Андан соң оркестр Курмангазынын жана Дина Нурпейисованын атактуу күүлөрү элге тартуулады.

Маттиас Люттенберг, ГФРнын Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия мамлекеттери менен кызматташтык боюнча өкүлү:

 Мага концерт абдан жакты. Казактын улуттук аспаптарынын музыкалык палитрасына суктандым, сиздердин элдик музыкаларыңыз менен тааныштым. Оркестр абдан жогорку денгээлде аткарды. Радецкийдин маршын укканда таң калганымды айта кетпесем болбос. Баары абдан кызыктуу болду.

Домбра, кыл кобыз, кайталангыс музыкасы көрүүчүлөрдү шаңга бөлөдү. Ошондой эле солисттердин ырдоо чеберчилигин жогору баалашты. Ал эми немис классиги улуу Абайдын  Гёте менен байланышкан  музыкасы күтүүсүз болду.

Сагынтай Көпжасаров, Д. Нурпейисова атындагы академиялык казак элдик аспаптар оркестринин башчысы:

Чет элдик композиторлордон Штраустун чыгармаларын ойнодук. Андан кийин «Караңгы түндө тоо калкып», Гётенин «Песня ночного странника» деген ырын Абай Кунанбай уулу андан кийин Лермонтов которгон. Мына бүгүн бул ырды белек катары ала келдик. Албетте, бүгүнкү программаны кыскартып, учурга ылайыкташтырдык, бирок көрүүчүлөрдүн кол чабуусу өзүңүз байкагандай сахнадан кетирбей койду.

Көрүүчүлөргө жыйырмадан ашык эмгек сунушталды. Концертти күү чертүүнү чеберчилик менен аткарган домбрачылар жыйынтыктады. Көрүүчүлөр кол чаап, өнөрпоздордун эмгегин жогору баалашты. Ошондуктан алар сахнада калып, дагы үч чыгарманы аткарып беришти.

Кийинки кезекте өнөрпоздорду төмөнкү Саксониянын борбору Ганновер шаарында күтүп жатышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков